Эң негизги ийгилигибиз!

Дата публикации: Mar 14, 2017 9:13:29 AM

2016-2017-окуу жылында райондук олимпиадада 5 орун алып,27-28-февраль күндөрү областтык олимпиадада да ийгилик менен кайттык.Республикалык олимпиадага орус тили сабагынан Шмунк Дарья барып катышууга жолдомо алды.Ал эми биология сабагынан Ажимудинов Эмир 3-орунга,Афтандил кызы Алтынай физика сабагынан 3-орунга татыктуу болушуп,дипломдор менен сыйланып келишти.Ошондой эле математика сабагынан катышкан окуучубуз Кубатбекова Бермет жана англис тили сабагынан катышкан окуучубуз Мирбекова Айданектер да активдүү катышкандыгы үчүн мактообаракчалары менен сыйланышты.

Ушуга эле катар спорттун күрөш түрүнөн да конкурста 4-класстын окуучусу Кадыров Шамен өзүнүн салмак категриясында 1-орунду жеңгендиги да биздин мектептин жана мугалимдердин ийгилиги болуп эсептелет.