Алгебра сабагынан ачык сабак 10 "А"класс
Дата публикации: Nov 23, 2015 7:40:22 PM
17-ноябрда математика мугалими Сатылганова Айнура
10"А"класста
"Жөнөкөй тригонометриялык функциялар"темасында ачык сабак
өттү.Сабак Блумдун таксономиясынын негизинде 6 этап менен
өттү.Ар бир этапта окуучулардын таанып-билүүсүн
активдештирүү,мурда окутулган тема менен байланышы жаны
материалды түшүндүрүүдө ыраттуулук,окуу материалынын
түшүнүктүүлүк принциптери пайдаланылды.Ар бир этап боюнча
көрсөтмө куралдар көрсөтүлүп,алар ды талкуулашты.Анализ-
синтезден баалоо өзүнөн-өзү эле келип чыкты.