Акыркы коңгуроо-2017!

Дата публикации: Jun 09, 2017 2:4:32 PM

2016-2017-окуу жылынын дагы бир эң маанилүү күнү бул 25-май эмеспи,себеби биз мугалимдер кечээки эле сары ооз балапан болгон окуучуларды билим жана тарбияга сугарып,ушул күнү уядан учурабыз.Ошондой эле бир жыл ичиндеги мыктылар сыйланып,жыйынтык чыгарылат.Олимпиадада,спортто,маданий иш чараларда алдыңкы орундарды багындырган окуучулар жана алардын жеңишине көмөк көрсөткөн мугалимдер ардак грамоталар менен сыйланышты.Быйылкы окуу жылында география мугалими Сулайманов Шаршенаалы агайыбызды жана биология мугалими Калыкова Рима эжейибизди ардактуу эс алууга узаттык.Бүтүрүүчүлөр болсо мектебине,агай-эжейлерине ырларын арнап,салтка айланган билим ачкычын тапшырып,турмуш жолуна аттанышты.Ак жол силерге бүтүрүүчүлөр!