Акыркы коңгуроо !2015-2016-окуу жылы.

Дата публикации: Jun 14, 2016 3:35:22 PM

27-май өзгөчө бүтүрүүчү класстар үчүн толкундоолор,себеби 11 жыл окуган мектебинде акыркы коңгуроолор кагылып, "Турмуш босогосуна"аттанышат.Бул күнү биздин мектептин 18 бүтүрүүчүсу мектебине,агай-эжейлерине,ата-энелерине арнап ырларды окуп,ыр-бийлерин тартуулашты.Ошондой эле салтка айланган "Билим ачкычын"келерки жылкы бүтүрүүчүлөргө тапшырып,аларды ар дайым билим алууга чакырышты,ал эми ачкыч алган окуучулар бүтүрүүчүлөргө ак жол каалоо менен бирге ыр саптарды арнашты. Ошондой эле Тамчы айыл аймагынын башчысы

Карабалаев Б.М жыл бою мектепте жемиштүү эмгектенген мугалимдер Сатылганова Айнурага,Калыкова Римага,Абдырахманова Назирага ардак грамоталарды тапшыруу менен бирге акчалай сыйлык да берди жана алдыңкы бүтүрүүчүлөр Сламакунов Жылдызбек,Шамилова Жанат,Кубатбекова Нургиза да ушундай эле сыйлыктарга ээ болушту.

Ал эми мектептин ардак грамоталарына да ээ болгон мугалимдер,окуучулар болушту.Аларга акчалай сыйлыкты мектептин камкордук кеңешинин төрагасы Машанло Ю.Ч өзү тапшырды.Эмне демекчибиз сыйлыгыңар кут болсун урматтуу мугалимдер жана окуучулар!

Ак жол сага бүтүрүүчү!

Көтөргүлө,наамын жерге түшүрбөй,

Бул мектеп билимдин башат булагы.

Бул мектепти бүткөн өзү чоң сыймык,

Уят кылба бүтүрүүчү учуп чыккан уяңды!

Мейли иште,мейли окууну улант барып,

Издегин ийне менен кудук казып.

Туруктуу адилеттүү чынчыл болгун,

Турмушта келечекке жолду ачып!