Жаш мугалимдердин мектеби

Дата публикации: Jun 14, 2016 2:48:6 PM

19-майда салтка айланган "Жаш мугалимдердин мектеби" аттуу иш чаранын жыйынтыктоочу этабы болуп өттү.Бир жума бою жаш мугалимдер предметтери боюнча ачык сабактарды,класстарда тарбиялык саттарды өтүп,бул күнү өзүлөрүнүн чыгармачылык дараметин предметтик жомоктордо көрсөтүшүп,көрсөтмө куралдардын көргөзмөсүн уюштурушту.Жыйынтыгында 1-орунга тарых мугалими Бакирова Меруэт,2-орунга кыргыз тили жана адабияты мугалими Бердибек кызы Гүлайым,3-орунга башталгыч класстын мугалими Сыдыкбек кызы Жазира татыктуу болушту.

Жаш мугалимдерди бүгүнкү майрамы менен куттуктап,мындан аркы ары татаал,ары сыймыктуу мугалимдик кесибинде ийгиликтерди каалайбыз!