Ата-энелер чогулушу.

Дата публикации: Feb 03, 2017 10:44:30 AM

2016-2017-окуу жылынын 31-январь күнү мектепте жалпы ата-энелер чогулушу болуп өттү..Бул чогулушта каралган маселелердин эн негизгиси бул Кочкор районундагы балдар арасындагы уруштун аягы өлүм менен аяктаганы боюнча ойлор пикирлер талкууланып,мындай окуя кайталанбашы үчүн алдын-алуу иштерди мектеп менен бирдикте ата-энелер да колго алып,алардын милдеттери,жоопкерчиликтери жөнүндө мекте администрациясы жана ЖОИ инспектору Черикбаева Мээрим тарабынан айтылды.Ошону менен бирге суициддин алдын алуу,окуучуларды уюлдук телефондон алыстатуу боюнча да ойлор талкууланып,ата-энелер тарабынан уюлдук телефон колдонуусуна жол бербөөсү катуу жолго коюлду.