XXI-кылымдын интеллектуалы

Дата публикации: Apr 13, 2016 7:12:21 AM

2015-2016-окуу жылындагы XXI-кылымдын интеллектуалы конкурсунун биринчи туру мектепте өтүлүп,районго 9-класстын окуучусу Сулайманов Өкүлбек жана 5-класстын окуучусу Кырманбеков Адил жолдомо алышып Кырманбеков Адил райондо 2-орунду багындырып,областтык 3-турда да 2-орунду багындырды. Адил электр тогунун жардамы менен автоматтык түрдө машина кирип келе жатканда ачылып,кайра жабылуучу "Акылдуу дарбазанын"моделин жасап,жашы кичине болсо да чоң ийгилик жаратты.Адилге ийгиликтерди каалап башка окуучуларды да бул конкурска катышууга чакырмакчыбыз.

Ал эми XXI-кылымдын интеллектуалы конкурсунун республикалык туру Чолпон-Ата шаарында болуп өттү.Анда республиканын бардык региондорунан окуучулар келип,өзүлөрүнүн жасаган иштерин жактап айтып беришти. "Алтын түйүн"Республикалык Балдар Инженердик-Техникалык Академиясынын (РДИТА "Алтын түйүн") окуучулары эң жакшы моделдерди көрсөтүшүп,алдыңкы орунду алышты.Бул үч күн региондогу балдардын достугу бекемдеп,кийинки жылы да катышууга шыктандырды.