УРА! ЗАРНИЦА!

Дата публикации: Jun 14, 2016 2:58:9 PM

21-майда жыл башында планга бекитилген кезектеги Зарница оюну өткөрүлдү.Программада белгиленген боюнча окуучулар мектептин ичинен эвакуацияланып,андан соң аскердик маршировкасын көрсөтүп,ырын,девизин айтышты.Конкурстун экинчи бөлүгү көл жээгинде уланып,өзгөчө кырдаал учурундагы коопсуздук эрежелерин көрсөтүп беришти.Ошондой эле медайымдардын конкурсу,ашпозчулардын конкурсу да болуп,спорттук оюндар да ойнолду.Жыйынтыгында 1-орунга 8 "б"класс,2-орунга 9 "б",3-орунга 5 "а"класс ээ болуп, сыйлыктар менен сыйланышты.

Жылда өтүлүүчү бул аскердик-патриоттук оюндан окуучулар көп нерсени үйрөнүшөт жана жыйынтыгы райондук,областтык оюндарда алдыңкы орунга татыктуу болууга алып келет,эң негизгиси окуучулар окуу менен оюнду айкалыштырып,биринчиден эс алышса,экинчиден мекенчил болууга тарбияланышат.