Ачык сабак 5"А"класс

Дата публикации: Nov 19, 2015 6:19:49 AM

Кыргыз тилинин айлыгына карата 26-октябрда кыргыз тили жана

адабияты мугалим Абдыкасымова Жылдыз 5 "А"класста кыргыз

адабияты сабагы боюнча Чыңгыз Айтматовдун "Бугу эне "жомогун

өттү.Сабак сахналаштырылып,кыргыздын кол өнөрчүлүгү

чагылдырылган буюм-тайымдар,кыргыз баласы жаткан бешик боз үй

ичинде коюлган.Ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун чыгармалар

жыйнактары,буклет,докладдар коюлган.Сабактын жүрүшүндө

окуучулар образдаштырылып,рольдорду мыкты чеберчилик менен

көрсөтө алышты.Окуучулар кыргыз уруусунун кайдан

келгенин,укум-тукумубуз кандайча улангандыгын түшүнө

алышты,ошондой эле көркөм сүйлөөгө,өз ойлорун эркин айта

билүүгө үйрөнүштү.