МЕКТЕП САЛТТАРЫ

"Жаш мугалимди мугалимдик кесипке кабыл алуу"

Октябрдын биринчи жумасы мугалимдер күнүндө жогорку окуу жайды бүтүп келген жаш адисти мугалимдик кесипти аркалап кетүүсүнө жол ачабыз.

2015-2016-окуу жылына 5 жаш кадр Байышбек уулу Нурлан,Токоева Гүлшан Манаповна,Чикматова Сабина Базарбековна,Сагынбек кызы Кыял,Туратбек кызы Гүлзат муглимдик кесипке кабыл алынышты.

"Китеп-биздин эртеңибиз!"

20-декабрь китеп күнүнө карата иш чара иштелип чыгып,китепканачы жана окуучулар менен бирдикте конференция,китеп-обзор,китеп көргөзмөсү, электрондук китептер,ачык тарбиялык саат-

тар жана айылдык китепканага саякат жана башка иш-чаралар өтүлүп турат.

"Кош башталгыч класс"

Ар жылы апрель айынын 20-25-күндөрүндө "Кош башталгыч класс"аттуу 4-классты бүтүрүү аземи болот.Орус жана кыргыз тилинде окуган 4-класстар 4жылда алган билимдерин ,ыр-бийлерин,оюн-зоокторун тартуулашат.2014-2015-окуу жылында кыргыз тилинде окуган классты 17 окуучу аяктап,класс жетекчиси Токтогазиева Чынара Абдыбековна,ал эми орус тилинде окуган классты 18 окуучу аяктап,класс жетекчиси Тургумбаева Жылдыз Жумалиевна.

"Карылар кунуно карата ардагер мугалимдер менен жолугушуу"

1-октябрь Карылар кунуно карата ардагер мугалимдер мектепке чакырылып,ар жылы ар кандай иш чаралар болуп турат.2015-2016-окуу жылында Гайворонская Л.М,Ордобаева С,Самакова Э.К. мейманга келишип,жаш мугалимдерге мугалимдик кесип ары түйшүктүү,ары сыймыктуу кесип экендигин айтып отурушту.Меймандар үчүн концерт уюштурулуп,гүлдөр белекке берилди.

"СПИД-ХХI-кылымдын чумасы!"

1-декабрь СПИД күнүнө карата 7-11-класстар арасында диспут,дебат,үй-бүлөлүк жана райондук дарыгерлер тобу менен жолугушуу-

лар болот.Райондук масштабда өткөрүлгөн иш-чарага 11-класстын окуучулары активдүү катышып,байгелүү орундарды алып келишет. Реферат,докладдар окулуп сценкалар жеткиликтүү коюлат

"Ысык-Көлдү коргойлу!"

Окуу жылдын башталышынан баштап эле окуучулар Ысык-Көлдүн экологиясын коргоого катышып,көл жээктерин таштандылардан арылтат.Окуу программасына коюлган ар жумадагы эмгек практикасында дагы мектептин айланасын,айылдын ичин таза кармоо боюнча журуш акциялары өткөрүлөт.

"5-класстарды гимназияга кабыл алуу"

19-октябрь Лицейисттер күнүнө карата 5-класстарды гимназияга кабыл алуу аземине 2015-2016-окуу жылында 36 окуучу кабыл алынып,аземде окуучулар ант беришип,"билим отунан"чырак жандырып, гимназист аттуу төш белгилерин тагынышты.

Аземде мектеп сыймыгындагы окуучулар акыл насаат айтышып,чакан концерт тартуулашты.

"Нооруз майрамы"

Бүтүрүүчү класстар Нооруз майрамында кыргыз элинин каада салтын көрсөтүү менен тойдун шаңын сармерден оюну менен улантышат.Алас айтылып,дасторкондо кыргыздын улуттук тамактары коюлуп,мурунку күнү казанга асылган сүмөлөктөн ар бири даам татышат.

"Зарница"

Окуу жылы аяктап калган мезгилде 5-11-класстар арасында "Зарница"оюну өткөрүлөт.

Оюн 2 бөлүктөн туруп,1бөлүгүндө-мекенчилдикке тарбиялоо максатында жана ар кандай коопсуздукдуктун алдын алуу боюнча саат 8.00до эвакуациялык коңгуроо берилген соң ар бир команда спорт аянтчасына тизилип,аскердик-патриоттук ырын,ураанын,чакырыгын айтып мектеп директоруна жана военрукка рапорт беришет.

Андан соң 10.00до 2-бөлүк башталат. тизилип,айылдын көчөлөрү менен ыр ырдап айылдын четине көл жээкке чыгышат.Ал жерде спорт оюндары,медайымдар конкурсу,ашпозчулар конкурсу өткөрүлүп,байгелүү орундар аныкталат

"Ак жол сага бүтүрүүчү"

Бүтүрүүчү класстарга ак жол каалап,апрель,май айларынын ар бир жума күндөрү 8-10-класстын окуучулары концерт даярдап,белектерди беришет.Бул салт бүтүрүүчүлөрдүн демине дем кошуп, алтын уясы болгон мектеби алар үчүн баа жеткис сыймык экенин сезишет.