Аттестат тапшыруу аземи.2015-2016-окуу жылы.

Дата публикации: Jun 24, 2016 9:17:49 AM

2015-2016-окуу жылынын 23-июнунда бүтүрүүчүлөргө аттестат тапшыруу аземи болуп өттү.Аземге Тамчы айыл аймагынын башчысы Карабалаев М.Б. жана бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери келишти.Куттуктоо сөздөрү менен бирге бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап өтүштү.Колдоруна аттестат алуу менен бирге көптөн күткөн ЖРТнын жыйынтыгын да колдоруна алышып,сүйүнүчтө болушту.Бүтүрүүчүлөрдүн окууда,олимпиадаларда, коомдук иштерде,спортто көрсөткөн ийгиликтерин айтуу менен аларга мактоо баракчалары да тапшырылды.Бейгилей кетчү нерсе ЖРТдан эң жогорку көрсөткүчтү Кубатбекова Нургиза 196 балл алганы менен сүйүндүрдү.Эмне демекчибиз урматтуу бүтүрүүчүлөр алган аттестатынар акжолтой болуп,келечекте кыргыз элинин керегине жараган мыкты инсандардын болгула! АК ЖОЛ САГА БҮТҮРҮҮЧҮ!