Тарых жана маданият айлыгынын жабылышы
Дата публикации: Apr 22, 2016 2:37:46 PM
Тарых жана маданият айлыгынын жабылышында айлык алкагында өткөрүлгөн иш-чаралар жыйынтыкталды.Мектепте илимий конференциялар,тегерек столдор,ачык сабактар өтүлдү.
Жабылыш аземинде үркүндүн 100 жылдыгына карата сценкалардын мыктылары көрсөтүлуп,активдуу катышкан класстарга жана окуучуларга грамоталар ыйгарылды.
Эң мыкты үркүн туралуу сценканы аткаргандыгы үчүн 11-класстын окуучулары сыйланды."Мыкты бурч" номинациясы 10-класска ыйгарылды. Кыргыз АССРнин 9- жылдыгына койгон сценкасы үчүн 9-класс сыйланды.Касым Тыныстановдун 115 жылдыгына "Жаңыл Мырза"поэмасын жогорку деңгээлде аткаргандыгы үчүн 8-класс сыйланды. Мыкты буклеттерди чыгаргандыгы үчүн 6-класстын окуучулары сыйланды.Мыкты макет жасагандыгы үчүн 5-класстын окуучусу Эгенбердиев Тилек сыйланды.Мыкты сүрөт тартып келгендиги үчүн Ыскак уулу Ажыбек сыйланды.Өз калеми менен Тайлак баатырга жана Касым Тыныстановго ыр жазып келгендиги үчүн 6-класстын окуучусу Усубакунова Арзуу сыйланды.