Кана эмесе кыздар!

Дата публикации: Mar 14, 2018 3:40:37 AM

8-март майрамына карата окуучуларга эстетикалык тарбия берүү максатында 1-11-класстын кыздарынын арасында "Кана эмесе кыздар"конкурсу болуп өттү. Конкурста кыздардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша тапшырмалар берилип,ал тапшырмаларга даярданып,аткаруу менен кыздар унутта калган кыргыз кыздарына тиешелүү болгон баалуулуктарды билишти.Башталгыч класстын кыздары кагаз менен иштешип,апаларына түстүү кагаздан белектерди даярдады.Ал эми 5-8-класстын кыздары болсо унутта калган чач өрүү ага бантик байлоо,топчу тагуу тапшырмаларын аткарышты.9-11-класстын кыздары болсо камыр жууруп жайып,колго кесип,төшөк көктөп,турмушка керектүү нерселерге үйрөнүштү.