Билим майрамы-2017!

Дата публикации: Sep 16, 2017 3:51:27 AM

2017-2018-окуу жылынын 1-сентябрь билим күнүнө арналган салтанаттуу линейка болуп өттү.Өткөн окуу жылындагы жетишкен ийгиликтер айтылып,келген коноктор куттуктоо сөздөрүн айтып,бул жаңы башталган окуу жылы дагы көптөгөн ийгиликтерди багындырган жыл болсун деген тилектерин каалашты.Мектеп босогосун 47 окуучу аттады.Көптөн күткөн биринчи коңгуроо кагылып,бардык класстарга класс жетекчилер тарабынан тарбиялык сааттар өтүлдү.