Дагы да болсо ийгиликтер

Дата публикации: May 19, 2018 3:25:53 AM

2017-2018-окуу жылындагы окуучуларыбыздын дагы да болсо ийгиликтери артууда.

1.Алсак Ысык-Көл районунун "Ынтымак" футболдук клубу тарабынан өткөрүлгөн 2006-2007-жылкы окуучулар арасында өткөрүлгөн футбол оюнунда биздин окуучулар 2 орунду багындырышкан.

2.Ошондой эле 9-класстын окуучусу Токтакунов Дастан теннис боюнча райондо биринчи ал эми областта үчүнчү орунду алып келди.

3.Ал эми "Кызыл ай"коому уюму өткөргөн райондук "Зарница"оюнунда алдынкы орунга чыгышып,областта 7-орун,

4.Райондук "Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү"конкурсунда 4-орунду биздин окуучулар алып келишти.

5.Мугалимдер арасында өткөн волейбол боюнча мелдеште биздин мугалимдерден түзүлгөн аялдар командасы 3 орунга жана футбол боюнча эркектер командасы 1орунга татыктуу болуп ардак грамота жана акчалай сыйланышты.