Тарых жана маданият жылына карата айлыктын ачылышы
Дата публикации: Apr 11, 2016 8:47:6 AM
Тарых жана маданият жылына карата айлык жарыяланып,иш-чара иштелип чыгып,салтанаттуу түрдө ачылды.Азем Ысык-Көлдүн жети акесинин батасы менен ачылып,хронология боюнча даталуу окуяларга,инсандарга сценкалар коюлуп,ырлар окулду.Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына карата 10-класстын окуучулары "Кут алчу билим"чыгармасынан үзүндүлөрүнөн айтышты.Тайлак баатырдын 220 жылдыгына карата окуучулар өздөрү жазган ырлар окулду.Касым Тыныстановдун 115 жылдыгына карата 7-класстын окуучулары репрессия убагын мыкты чагылдырып бере алышты. Үркүндүн 100 жылдыгына карата 11-класстын Ж.Турусбековдун "Ажал ордуна"чыгармасынан Зулайканын тагдырын көрсөтүштү. 8-класстын окуучулары К.Баялиновдун "Ажар"чыгармасын коюшту. Кыргыз автономиялуу областынын 90 жылдыгына карата 9-классстын окууучулар "Письмо тридцатки"аттуу сценканы аткарышты.Кыргыз ССРнин 80 жылдыгына карата 8-класстын окуучулары ырларды окуу менен ошол кездеги убакытка ыр -бий менен окуучулардын көңүлүн бөлдү.Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата 5-класстын окуучулары өз ырларын айтышты.Азем чакан концерт менен жыйынтыкталды.