Ооган согушу-айыкпас жара.

Отправлено 22 февр. 2018 г., 00:23 пользователем Чолпон Темиралиева   [ обновлено 27 февр. 2018 г., 22:00 ]
 
15-февраль Совет  аскерлеринин Афганистан аймагынан чыгарылганынын 29 жылдыгына карата мектепте эскерүу иш чарасы болуп өттү.Слайд көрсөтүлүп,ырлар окулуп,окуучулар  автоматты чачып-жыйноо,противогазды кийүү конкурстарын көрсөтүп беришти.Ошондой эле эскерүү кечесине  Афган жоокерлери менен бирдикте Баткен окуяларынын катышуучулары да келишкен,алар ошол күндөрдөгү мекен үчүн кылган аскерлердин эрдигин ,  көргөн окуяларын айтуу менен окуучуларды мекенчилдикке чакырышты
Comments