Тарых жана маданият жылына карата айлыктын ачылышы

Отправлено 11 апр. 2016 г., 01:47 пользователем Чолпон Темиралиева   [ обновлено 24 апр. 2016 г., 23:02 ]

   Тарых жана маданият жылына карата  айлык жарыяланып,иш-чара иштелип чыгып,салтанаттуу түрдө ачылды.Азем Ысык-Көлдүн жети акесинин батасы менен ачылып,хронология боюнча  даталуу окуяларга,инсандарга  сценкалар коюлуп,ырлар окулду.Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгына карата  10-класстын окуучулары  "Кут алчу билим"чыгармасынан үзүндүлөрүнөн айтышты.Тайлак баатырдын 220 жылдыгына карата  окуучулар өздөрү жазган ырлар окулду.Касым Тыныстановдун 115 жылдыгына карата 7-класстын окуучулары репрессия убагын мыкты чагылдырып бере алышты. Үркүндүн 100 жылдыгына карата  11-класстын Ж.Турусбековдун "Ажал ордуна"чыгармасынан Зулайканын тагдырын көрсөтүштү. 8-класстын окуучулары К.Баялиновдун  "Ажар"чыгармасын  коюшту. Кыргыз автономиялуу областынын 90 жылдыгына карата  9-классстын окууучулар  "Письмо тридцатки"аттуу сценканы аткарышты.Кыргыз  ССРнин 80 жылдыгына карата 8-класстын окуучулары  ырларды окуу менен ошол кездеги  убакытка ыр -бий менен окуучулардын көңүлүн бөлдү.Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата  5-класстын окуучулары өз ырларын айтышты.Азем чакан концерт менен жыйынтыкталды.


Comments