Ата-энелер чогулушу. "Көк кит"оюну боюнча

Отправлено 25 февр. 2017 г., 23:17 пользователем Чолпон Темиралиева   [ обновлено 26 февр. 2017 г., 00:44 ]
 
 Февраль айынын башында бүткүл коомчулукту дүрбөлөңгө салган "Көк кит"оюнунун алдын алуу,болтурбоо боюнча мектепте жалпы ата-энелер чогулушу болуп өттү.Чогулушка Тамчы айылдык аймактык тескөөчүлөр,айыл өкмөтүнөн өкүлдөр келип катышышты.Балдардын психологиясын жабыркатып,өлүмгө алып келген бул оюндун эң биринчи себепкери бул балдардын колунда кымбат баалуу телефон жана интернет,экинчиси ата-эненин көзөмөл кылбаганы.Ошондуктан бул көйгөйлүү маселе менен бүткүл коомчулук күрөшүү керек.Маселелер талкууланып,жыйынтыгында ата-энелер балдарындагы телефонду окуу жылы бүткөнчө алып коюуга сөз беришип,эгер мектепке алып келишсе мугалимдер 25-майга чейин алып коюуга болот.Ар бир баласына ар бир ата-эне билдирүү жазып кол коюшту.Эскерте кетсек,биздин мектепте бул оюнга алаксыган окуучу болгон эмес ,себеби түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп,андан сырткары күндө сабак башталаарда 10 минута класс жетекчилер класстык саат өтүп,окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турушат.
Comments